2025-жылдын 1-сентябрында Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т. Гыязов БатМУнун алдындагы “Баткен ыйман” мектеп-комплексинде өткөн Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ректор мектеп жамааты жана окуучулар менен жолугушуп, жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө билимдин коомдогу орду тууралуу белгилеп, мугалимдер жамаатына түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү ишинде зор ийгиликтерди каалады. Окуучуларга кайрылып, билим алууга болгон умтулуусун арттырууга, адептүүлүк жана мекенге болгон сүйүү менен өсүүгө чакырып, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө университет ар дайым колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Мындан тышкары, ректор мектеп-комплексинин окуу процесси үчүн түзүлгөн шарттар жана жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен жеринен таанышып чыкты. Профессор А.Т. Гыязов бул окуу жылы билим берүү тармагында жемиштүү жана натыйжалуу болоруна ишеним артып, “Баткен ыйман” мектеп-комплекси сапаттуу билим берүүнүн жана адеп-ахлактык тарбиялоонун үлгүсү болоорун баса белгиледи. Салтанаттуу иш-чара окуучулардын чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.