Филология илимдеринин кандидаты Мурзалиева Аймактым Шоруковна БатМУнун Окуу-маалымат департаментинин башчысы кызматына дайындалды. Буга чейин Мамлекеттик тил департаментинин башчысы кызматын аркалап келген.
Кунназаров Айбек Ысмайылович БатМУнун Бизнес-инкубаторунун директору болуп дайындалды.
Буга чейин БатМУнун Уюштуруу, тарбия жана жаштар иштери боюнча департаментинин башчысы болгон
Жумабаев Бекжан Дооронович БатМУнун уюштуруу, тарбия жана жаштар иштери боюнча департаментинин башчысы болуп дайындалды.
Буга чейин БатМУнун “Баткен Ыйман” гимназиясынын тарых мугалими кызматында эмгектенген.
Дүйшөев Эмилбек Каримович БатМУнун “Социалдык- экономика жана укук” кафедрасынын кафедра башчысы кызматына дайындалды. Буга чейин Окуу-маалымат департаментинин башчысынын орун басары кызматында иштеп келген.
Тарых илимдеринин кандидаты Кадыров Акжол Абдинабиевич БатМУнун Табыгый гуманитардык жана педагогика факултетинин деканы кызматына дайындалды.
Буга чейин социалдык- экономикалык жана укук кафедрасын жетектеп келген
Педагогика илимдеринин кандидаты Халилова Турдугүл Ташполотовна Мамлекеттик тил департаментинин башчысы болуп дайындалды. БатМУнун Окумуштуулар кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген.