2024-жылдын 25-сентябрында Баткен мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 1-отуруму болуп өттү. Анда Окумуштуулар кеңешинин курамына толуктоолор киргизилип, Окумуштуулар кеңешинин 2024-2025-окуу жылына карата иш планы талкууланды. Мындан сырткары проректорлордун, директорлордун иш пландары, 2023-2024-окуу жылында өткөрүлгөн МАнын жыйынтыктары, Орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө жумушка кабыл алуу боюнча жүргүзүлгөн конкурстун жыйынтыктары, ар түрдүү маселелер кызуу талкууланып, чечимдер кабыл алынды. Окумуштуулар кеңеши – жогорку окуу жайынын ректорунун кеңеш органы.
Окумуштуулар кеңешинин милдети окуу жана илим-изилдөө мекемелеринин маанилүү маселелерин кароо, илимий кызматкерлерди жумушка кабыл алуу, конкурстарды уюштуруу, окумуштууларды илимий наамдарга, илимий даражаларга сунуштоочу орган.Окумуштуулар кеңешине илимий наамдары, илимий даражалары бар окумуштуулар мүчө боло алышат. Окумуштуулар кеңешинин чечимдери конкурстарды өткөрүүдө окумуштуулук даражаларды жана наамдарды ыйгарууга сунуштоодо КР Улуттук аттестациялык комиссиясына жашыруун добуш берүү аркылуу чыгарылат.