Баткен мамлекеттик университети менен Б.Б. Городовиков атындагы Калмык мамлекеттик университети кызматташууга кол койду.
Ошондой эле Монголия, Кытай, РФ, Казакстан, Узбекистандын ЖОЖ, Улуттук илимдер академиясы жана Кыргызстандын БатМУ, К. Тыныстанов атындагы ЫМУ ортосунда тармактык университет түзүлүп келишимге кол коюлду.
Кош дипломдуулук, биргелешкен илим изилдөө иштер, педагогика, филология, биология багытында магистратурада 1+1 программасын 2025-2026 окуу жылынан кабыл алуу, окутууну баштоо, орус тили жана адабияты предметтери боюнча БатМУга келип иш жүргүзүү боюнча макулдашылды.