Бүгүн Баткен мамлекеттик университети Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн «Россиянын Кыргызстандын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий-практикалык тегерек столго активдүү катышты.Ректор Гыязов А.Т. тегерек столдо сөз сүйлөдү. Өзүнүн сөзүндө ал Россиянын билим берүү жана илим тармагындагы аймактын өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгиледи. Баткен мамлекеттик университети Россиянын жогорку окуу жайлары жана илимий борборлору менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, бул кызматташтык биздин студенттер менен окутуучуларыбыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткандыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө биздин университеттин үч аспиранты Кыргызстандын аймагында россиялык окумуштуулардын жетекчилиги астында өздөрүнүн кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргоп, окутуучуларыбыз Россиянын алдыңкы билим берүү мекемелеринде үзгүлтүксүз квалификацияларын жогорулатып келишет.
Ошондой эле, университетибиздин базасында «Орус тили жана маданият борборун» ачуу боюнча байланыштарды түзүүдө Россиянын “Байланыштарды өнүктүрүү боюнча Улуттук изилдөө институту” менен кызматташууну өзгөчө белгиледи.Сөзүнүн аягында иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына жемиштүү талкуулар жана идеялар алмашуу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ушундай жолугушуулар Кыргызстан менен Россиянын илимий жана маданий байланыштарын чыңдоодо маанилүү роль ойнойт деп ишенем жана бул биздин жалпы интеллектуалдык өнүгүүгө жана прогресске болгон умтулушубузга чоң салым кошот деп жыйынтыктады.