Баткен мамлекеттик университетинде 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк Илим күнүнө карата өткөрүлүүчү “Илим – сенин акылыңды арттырат, илим үйрөн дүйнө сырын жат кылат” – аттуу салтанаттуу илимий иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны Баткен мамлекеттик университетинин Илим, мамлекеттик тил жана уюштуруу иштери боюнча проректору п.и.к., профессор М.Д. Айдарова ачып, БатМУнун ректору э.и.д., Гыязов Айдарбек Токторович окумуштуу-илимпоздорду Илим күнү майрамы менен куттуктап, университетттик жана ведомостволук сыйлыктарды тапшырды. Мында университеттин бир катар илимпоз окутуучулары Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана “Ардак Грамотасы” менен сыйланышты. Ал эми Баткен мамлекеттик университетинин төмөнкү окутуучуларына Окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык бир гана жолу берилүүчү сый акылары автордук монография чыгарган окумуштуу-илимпоздорго төмөнкүдөй тартипте 40 (кырк миң) сом өлчөмүндө берилди.Абдибаитова А.А. – Кен калдыктарынын айлана чөйрөгө тийгизген таасири; Кадыров А.А. т.и.к., профессор – Баткен шаары: тарых жана келечек; Кадыров А.А. т.и.к., профессор – Байманалуу Баткен. Тарых жана маданият; Кайымова Ф.М. Салыштырмалу функционалдык – семантикалык алкак катары – деген аталыштагы монографиялык окуу куралдары үчүн сый акы алышты.Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Тагаева Кызжибек Кубанычбековна катышып, илимпоздорду куттуктоо менен бирге университетке белектерин тапшырды. Ошондой эле Баткен шаардык мэриясынын өкүлү катары Рыскулова Имигүлсүн Токсоновна да илимий кызматкерлерге куттуктоо сөзүн арнады. Илимий иш чаранын алкагында БатМУнун “Табигый, гуманитардык жана педагогикалык” факультетинин профессору т.и.к. А.А. Кадыровдун “Баткен шаары: тарых жана келечек”, “Байманалуу Баткен. Тарых жана маданият” – аттуу автордук монографияларынын бет ачаар аземи болуп өттү. Мында профессор А.А. Кадыровдун чыгармаларына өз пикирлерин, каалоо, тилектерин билдирген Баткендин бир катар чыгаан инсандары катышты. Алыа карасак, “Баткен шаары: тарых жана келечек” – деген китебинин авторлошу Рыскулова Имигүлсүн Токсоновна, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Даабеков Абдинаби, Султанмуратов Сайдилла,КРнын эмгек сиңирген мугалими Балтабаев Зулпукар, Легендарлуу парламенттин депутаты Жолдошев Туйгун ж.б. Иш чаранын экинчи бөлүгү Айгүл тоо тарыхый-маданий музей комплексинде болуп, келген коноктор музейдин жаңы табылгалары, экспонаттары, жасалгалары менен таанышып, музейдин скульптору А. Айтматовдун чыгармачылык талантына күбө болушту. А. Айтматов өзүнүн уникалдуу таланты, кайталангыс эмгеги үчүн бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сый акы менен сыйланды.