17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнүн урматына БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн студент кыздары арасында “БатМУ Периси – 2024” сынагы болуп өттү. Салтанаттуу иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө окуу жайыбыздын ректору студенттерди кирип келе жаткан студенттик майрамы менен куттуктап, окуудагы жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге Ардак грамота тапшырды. Ошондой эле БатМУнун Башкы мекемеси, КГПИ, КТЭУИ, СГЭИнин студенттери үчүн майрамдык белек катары 10 000 сомдон сыйлык ыйгарылды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү “БатМУ Периси – 2024” сулуулар сынагы менен уланды. Сынак атайын түзүлгөн жобонун негизинде уюштурулуп, кыздар төмөнкү тапшырмалар боюнча күч сынашты: саламдашуу, интеллектуалдык жана кырдаалдан чыгуучу суроолорго жооп берүү, талант көрсөтүү жана автордук видеоролик тартуулоо. Конкурсту баалап, жыйынтыгын чыгаруу үчүн атайын комиссия бекитилип, өз ишин жогорку деңгээлде аткарышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

  • 1-орунду БатМУнун М.М. Тайиров атындагы КГПИнин студенти Эргешова Эленора ээлеп, “БатМУ Периси – 2024” деп табылды.
  • 2-орун БатМУнун А.А. Машрапов атындагы СГЭИнин студенти Закирова Ыхвалайга ыйгарылды.
  • 3-орун БатМУнун Башкы мекемесинин студенти Тиллебаева Нурилага тапшырылды.

Конкурстун үчүнчү бөлүгү сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.

  • 1-орунга: Ташкент шаарына жолдомо, “БатМУ Периси – 2024” наамы, сыйлуу белек жана таажы берилди.
  • 2-орунга: уюлдук телефон жана баалуу белек ыйгарылды.
  • 3-орунга: 7 000 сом жана сыйлуу белек тапшырылды.
    Калган бардык катышуучуларга да акчалай жана сыйлуу белектер ыйгарылды.