2024-жылдын 15-ноябрында Баткен мамлекеттик университетинин М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен облусунун уюштурулгандыгынын 25 жылдыгына жана Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун негиздөөчүүсү, Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана жаңы технологиялар илим изилдөө институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин 70 жылдыгына арналган «Санариптешүү мезгилиндеги физика илиминин актуалдуу маселелери жана окутуу технологиялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын, Казакстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан келген илимдин докторлору, кандидаттары, изилдөөчүлөрү, окутуучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, жогорку деңгээлде уюштурулду.
Иш-чара окуу-инновациялык борбордун жаңы имаратын куруу үчүн капсула салуу менен башталды. Конференциянын салтанаттуу ачылышында модератор БатМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Гыязов Айдар Токторович куттуктоо сөзүн айтып, конокторду тааныштырып, конференциянын ишине ийгилик каалады. Андан соң профессор М.М.Тайировдун өмүр таржымалын жана илимий ишмердүүлүгүн чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү. Келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып, Миталип Муратовичтин өрнөктүү өмүр жолунун урунттуу учурларын, адамдык сапаттарын, илим жолундагы күжүрмөн эмгектерин баса белгилешип, профессорго мындан ары да ийгиликтерди каалап, символикалуу белектерин ыйгарышты.
Пленардык жыйында төмөнкү илимпоздордун баяндамалары угулду:
- Жумагулова Алина Бакытжановна – Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агентигинин генералдык директору, Казакстан Республикасы, Астана шаары, юридика илимдеринин кандидаты. “НААР – Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын камсыздоочу драйвер”.
- Шункеев Куанышбек Шункеевич – К. Жубанов атындагы Актобе аймактык университети, Актобе шаары, Казакстан Республикасы, физика жана математика илимдеринин кандидаты.