GIZ жана JICA фонддорунун колдоосу менен Кыргызстандан 10 адамдан турган делегация Японияга 14 күндүк иш сапар менен барды. Иш сапардын негизги максаты — Япониянын геопарктарды түзүү жана башкаруу боюнча мыкты тажрыйбаларын үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу.
Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери, облус жана райондук администрациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын геопарктарын башкаруу боюнча мүчөлөр кирди.
Делегациянын курамында БатМУнун экономика жана каржы боюнча проректору Үсөнов Муса Мурзапарович да бар, ал университетибизди бул маанилүү эл аралык иш-чарада татыктуу көрсөтүүдө.
Иш сапардын алкагында катышуучулар Япониядагы уникалдуу геопарктарды түзүү тажрыйбасын үйрөнүшүүдө. Японияда жалпы 37 геопарк бар, алардын ичинен 10 ЮНЕСКОнун Глобалдык тармагына кирет. Жапон тарап өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, атайын тренингдерди өткөрүүдө.
Кыргыз делегациясы өлкөбүздүн геопарктарын тааныштырып өттү, алардын катарында:
📌 Мадыген геопаркы (Баткен облусу), ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген, палеонтологиялык жана геологиялык байлыктарга ээ уникалдуу объект.
📌 Тескей Ысык-Көл геопаркы (Ысык-Көл облусу).
📌 Ош геопаркы (Ош облусу).
Япониялык кесиптештер Кыргызстандын геопарктарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти. Бул биздин табигый байлыктарыбызды сактоо жана дүйнөлүк аренада таанытуу үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет.
Бул иш сапар БатМУнун жана жалпы Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана табигый мурастарыбызды сактоо боюнча туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.