Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында БатМУ СГЭИнин студенттер жатаканасында “Үлгүлүү бөлмө-2024” сынагы болуп өттү.
Студенттик жатаканадагы мыкты жасалган бөлмөлөрдү аныктоо жана студенттердин өздөрү жашаган бөлмөлөрүнө, эмеректерге аяр мамиле жасоого, жашоо шарттарын түзүүгө үйрөтүү максатында жогорудагы кароо сынак уюштурулду.
Комиссия конкурстун критерийлери боюнча студенттердин бөлмөлөрүн баалап, сыйлоо баракчаларын жана баалуу белектерди тапшырышты.
Белгилей кетсек, студенттик жатакана БатМУнун ректору, профессор Айдарбек Токторовичтин демилгеси менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап шарттары менен 2024-2025-окуу жылына карата студенттерге пайдаланууга берилген.