2024-жылдын 16-декабрында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 90 мыкты студенттерине Президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Баткен мамлекеттик университетинин А.А. Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Педагогика жана экономика факультетинин Англис тили профилинин 4-курсунун студенти Саитмуратова Машхура, Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилинин 4-курсунун студенти Абдижалил кызы Айзат жана Англис тили профилинин 4-курсунун студенти Закирова Ыхвалай Президенттик стипендия менен сыйланышты.
Ушул кезге чейин аталган институттун 28 студенти бул сыйлыкка татыктуу болгон.