Бүгүн, 2024-жылдын 18-декабрында, Баткен мамлекеттик университетинин делегациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү жөнүндөгү жарлыгы жана өзгөчө статус мыйзамы боюнча семинарга катышты. Семинарда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу бул мыйзамдын негизги өзгөчөлүктөрүн жана жоопкерчиликтерин баяндап берди. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети өзгөчө статус шартында иштөө боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
🔑 Семинарда каралган негизги маселелер:
- Академиялык эркиндик: Университеттер билим берүү программаларын өз алдынча иштеп чыгып, өз стандарттарын бекитүүгө укуктуу.
- Финансылык эркиндик: Казыналык тутумдан сырткары өздүк эсептерди ачып, каражаттарды эффективдүү пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет.
- Текшерүүлөрдүн токтотулушу: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, бардык пландуу текшерүүлөр, эсеп палатасынын текшерүүсүнөн тышкары, 3 жылдык мөөнөткө токтотулат.
- Административдик эркиндик: Ректор биринчи проректорду өз алдынча дайындоого жана университеттин структурасын толук кайра карап чыгууга укуктуу.
Андан сырткары, мыйзамда көрсөтүлгөн укуктар боюнча кеңири түшүндүрмө берилди. БатМУ делегациясы кызыктырган суроолоруна толук жоопторду алды жана бул жаңы мүмкүнчүлүктөр университеттин өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенет.