Баткен мамлекеттик университети эл аралык байланыштарды жана билим берүү демилгелерин активдүү өнүктүрүп келет. БатМУнун ректору э.и.д., профессор Гыязов А.Т. Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарында Орус тили жана маданият борборун ачуу боюнча Автономдуу коммерциялык эмес уюм «Евразия» менен макулдашууга жетишти.Бул борбор орус тилин үйрөнүү, маданий алаканы бекемдөө жана академиялык кызматташтык үчүн маанилүү аянтча болот. Ал студенттерге жана окутуучуларга билим деңгээлин жогорулатууга, билим берүү программаларына катышууга жана Россиядагы өнөктөштөр менен илимий жана маданий байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.АНО «Евразия» гуманитардык жана билим берүү долбоорлорун колдоп, өз демилгелерине окуучуларды, студенттерди, окутуучуларды, журналисттерди, ишкерлерди, спортчуларды жана маданият ишмерлерин активдүү тартат.

АНО «Евразиянын» ишмердүүлүгү тууралуу толук маалыматты төмөнкү сайттан таба аласыз:🌍https://evrazia.su/Ошондой эле Telegram-каналдарынан маалымат алсаңыз болот:🇷🇺https://t.me/EurasiaNpo🇰🇬https://t.me/evraziakgz