Баткен мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн 2024-2025-окуу жылына карата түзүлгөн иш планынын негизинде Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин Филологиялык билим берүү кафедрасынын окутуучусу Абдыракманова Гүлсүн Маматовна «21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эл аралык эне тил күнүнө» карата Англис тили адистигинин А-1-23 тайпасы менен биргеликте «Тилдердин көп түрдүүлүгү жана анын мааниси» деген темада тарбиялык мааниси терең куратордук саат өттү.
Анда, студенттер «21-февраль – Эл аралык эне тил күнү» катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштагандыгы тууралуу жана дүйнөдөгү эң көп колдонулуп жаткан тилдер жөнүндө презентация жасап беришти.
Мындан сырткары, жаштар арасында көп колдонуучу орус тилиндеги сөздөрдүн кыргызча котормосун таптырып, өзүбүздүн эне тилибиздин баалуулугун даңазалаган ырлардан көркөм окуп, баяндама жасап, тилибизди сактап, өнүктүрүү өзүбүздүн милдетибиз деген пикирлерди айтып өтүштү.