Баткен шаарынын мэри Т.А.Абыкеев жана Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдор жетектеген топтордун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун башында А.Т.Гыязов Т.А.Абыкеевди жаңыдан Баткен шаарына мэр болуп дайындалышы менен куттуктап, шаардын өнүгүүсүнө каалоо тилектерин билдирди.
Жолугушууда Баткен шаарынын 2025-2030-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу маселеси талкууланды. БатМУнун Эл аралык байланыштар жана инновация боюнча проректору Баткен шаарынын өнүгүү багыттарын презентациялап, БатМУнун көз карашын, сунуш-пикирлерин айтып өттү. Ал эми Баткен Шаардык Мэриясы тарабынан 2023-2027-жж. стратегиялык планына анализ жасалып, аткарылган иштер айтылды.
Шаарды биргеликте көрктөндүрүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү, ыңгайлуу инфрастураны түзүү, өндүрүштү жандандыруу ж.б. багыттар боюнча кеңири тараптар ой бөлүшүп, стратегияны иштеп чыгуу боюнча комиссиянын иш графиги мерчемделди.
Жолугушууда көптөгөн инновациялык чечимдер жана шаарды өнүктүрүү боюнча максаттар талкууланды.