2025-жылдын 21-апрелинде Баткен шаарында “BATKEN 4.0: Аймакты өнүктүрүү үчүн санариптик чечимдер” аттуу хакатондун финалдык күнү өтүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Иш-чара жаштардын инновациялык потенциалын колдоо жана Баткен облусунун санариптик өнүгүүсүнө салым кошуу максатында уюштурулган.
Финалдык күндө каттоо жана расмий ачылыш аземинен кийин панелдик сессиялар өтүп, алдыңкы IT адистер жана эксперттер санарип экономика, стартаптар, ВОЛС инфратүзүмү жана туруктуу өнүгүү темаларында баяндама жасашты. Андан соң 15 команда өз долбоорлорун калыстар тобунун алдында сунуштап, мыкты идеялар сыйлыкка татыды.
Жыйынтыгында:
1-орунду “Эко-Зелень” командасы (80 000 сом),
2-орунду “AgroTech” (60 000 сом),
3-орунду “Usta Kural” командасы (50 000 сом) ээледи.
Башка командалар 5 миң сом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.
Иш-чаранын алкагында Баткен мамлекеттик университети менен КМТУ кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюп, билим берүү жана инновация тармагындагы өнөктөштүктү күчөтүүгө макулдашты.
“BATKEN 4.0” хакатону — региондук санариптик өнүгүү үчүн маанилүү аянтча болуп, жаштарга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты.