📚 28.04.2025-ж. Баткен мамлекеттик университетинде маанилүү эл аралык лекция өттү! Коопсуздук жаатындагы өзөктүү маселелерге арналган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму(ОДКБ) боюнча атайын тематикалык лекция болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында төмөнкү ардактуу меймандар менен жолугушуу болду:
🔹 Алишев Шабданбек Мурзакулович — МПА КМШ Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин МПА КМШ жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
🔹 Кочарян Вячеслав Карленович — ЖККУ ПА Секретариатынын эксперттик-аналитикалык бөлүмүнүн кеңешчиси.
Ошондой эле лекцияга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты.
🎓 Студенттер жана окутуучулар эл аралык коопсуздук, аймактык стабилдүүлүк жана Баткен аймагындагы коопсуздук чакырыктары боюнча актуалдуу суроолорду берип, ачык диалог жүрдү.
📌 Бул лекция студенттерге заманбап коопсуздук саясаттары жөнүндө терең түшүнүк берүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.