Баткен мамлекеттик университетинин Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин Педагогикалык билим берүү кафедрасынын 2025-жылдын 21-апрелден 25-апрелге чейин өткөрүлүүчү
“Окумуштуунун тамыры ачуу, жемиши таттуу” – аттуу кафедранын жумалыгы старт алды!
21-апрель “Сөз окутат, мисал жетелейт” – аттуу ачык сабактар күнүндө кафедранын окутуучусу Айткулова Зарина Сейдалиевна “Математикалык концептуалдык түшүнүктү өнүктүрүү аркылуу математикалык сабаттуулукту жогорулатуу” – деген темада П-1-22 тайпасынын студенттерине ачык сабагын өтүп, студенттердин кызуу талкуусу, активдүу катышуусу менен таасирдүү сабак болду. Зарина Сейдалиевна сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!