Билим берүү жана илим министринин орун басары Махметкулов Альберт Дамирбекович Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен мамлекеттик университетинин жамааты менен жолугушту. Иш сапарында ал түзүлгөн шарттар, жүргүзүлүп жаткан иштер, окуу корпустардын абалы жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдөгү окуу жайдын милдеттери менен жеринде таанышып, санариптештирүү багытында коюлган тапшырмалардын аткарылышын талкуулады. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, эмгек жамаат менен пикир алышуу болду.
Андан соң, министрдин орун басары университеттин аллеясына көчөт отургузуп, окуу жайда өздүк каражаттын эсебинен курулуп жаткан 100 орундуу жатакананын курулушу менен таанышты. Жатаканада окуу залы, тренажер жана бокс залдары, коворкинг аянтчалары каралган. Альберт Махметкулов курулуш иштерине өзүнүн сунуштарын берип, жамаатка ийгилик каалады. Жатакананын ачылыш аземи жакын арада күтүлүүдө.