Эл аралык академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Баткен мамлекеттик университетинде Россиянын Козьма Минин атындагы Нижегород мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери лекция, сабак жана мастер-класстарды өткөрүштү.
Минин университетинин профессорлору БатМУнун Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунда актуалдуу темаларда лекцияларды окушту:
Экономика илимдеринин доктору, профессор Кузнецов Виктор Павлович: «Россия менен Кыргызстандын экономикалык кызматташтыгы»
Экономика илимдеринин кандидаты, доцент Денисов Евгений Юрьевич: «Ишкананын өздүк наркын жана кирешесин башкаруу»
Ал эми Минин университетинин студенттери БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда сабактарга катышып жана мастер-класстарды өткөрүштү:
Брехова Виктория: «Илимде үнөмдүү технологиялардын концепциясы: жаңы чакырыктар»
Назарова Екатерина: «Билим берүүдө туруктуу өнүгүү: инклюзивдик күн тартиби»
Цыбуцинина Ирина: «Окутуу ыкмаларынын классификациясы: лекциялар, семинарлар, практикалык сабактар»
Иш-чараларга биздин студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, кызыктуу пикир алмашуулар болуп өттү. Бул — жандуу академиялык өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык кызматташуунун дагы бир ачык далили.
К.Минин атындагы университеттин делегациясына терең ыраазычылык билдиребиз!