Баткен мамлекеттик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Гыязов Германиянын Конрад Аденауэр фондунун Борбор Азия боюнча регионалдык өкүлү Андре Альгермиссенди жана Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордун директору Айдар Алымбековду кабыл алды.
Жолугушуунун алкагында фонд тарабынан студенттерди стипендиялык программалар аркылуу колдоо, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана немец тилин үйрөнүү боюнча атайын программаларды уюштуруу маселелери талкууланып, тиешелүү макулдашууларга жетишилди.
Мындан тышкары, Андре Альгермиссен БатМУнун ректору Айдарбек Гыязовду Бишкек шаарында өтө турган ири масштабдагы конференцияга спикер катары катышууга расмий чакыруусун жолдоду.
Ошондой эле Баткен мамлекеттик университетинин эки окутуучусу кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргоп, илимий коомчулук тарабынан жогору бааланды. Илимге берилген колдоо жана мотивация өз жемишин берүүнү улантууда.
Хайриддин Рахманалиевич Таиров – тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиуму тарабынан расмий бекитилди.
Абдиева Айша Мухаматкуловна – 07.00.07 – этнография, этнология жана антропология багыты боюнча “Кыргыздардын өсүмдүктөрдү таанып билүүсү жана аларды колдонуу тажрыйбасы (XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башы)” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор А. А. Асанканов.
Даовлатова Феруза Муктаровна – 25.00.24 – экономикалык, социалдык, саясий жана рекреациялык география багыты боюнча “Кыргызстандын түштүк аймагындагы жер-суу аталыштарынын таркалышы жана келип чыгышы” деген темада диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси – профессор Абдурашит Низамиев Гумарович.
Бардык илимпоздорду бул жетишкендиктери менен куттуктайбыз жана мындан аркы иштерине ийгилик каалайбыз!