Баткен мамлекеттик университети билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан өткөрүлүп жаткан программалык аккредитация процесстеринен өтүүдө.
Аккредитациялык комиссия окуу жайдын материалдык-техникалык базасын ар тараптуу көзөмөлдөн өткөрүп, студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, окутуучулар, социалдык өнөктөштөр, иш берүүчүлөр жана жетекчилик курамы менен фокус-топтук маектерди жүргүзүүдө. Бул маектер университеттин жалпы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алууга багытталган.
Аккредитация эки күнгө созулуп, анын жыйынтыгында билим берүү программаларынын сапаты бааланат.