БатМУ «Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги» (АБЭУА) тарабынан жүргүзүлгөн программалык аккредитация процессинен ийгиликтүү өтүп, физика-математикалык билим берүү жана колдонмо математика жана информатика багыттары боюнча 3 жылдык мөөнөткө аккредитациядан өтүү сунушталды.
Аккредитация эки күн бою жүргүзүлдү.
📌 Биринчи күнү эксперттик комиссия университеттин материалдык-техникалык базасын дыкат карап чыгып, студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, окутуучулар, иш берүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен фокус-топтук маектерди өткөрдү.
📌 Экинчи күнү фокус-топтук маектерди администрация өкүлдөрү менен улантты.
Бул маектер БатМУнун жалпы ишмердүүлүгүн ар тараптан талдоого жана баалоого шарт түздү.
🔍 Аккредитациялык комиссия жогоруда аталган эки билим берүү программасына тышкы баалоо жүргүзүп, 3 жылдык программалык аккредитацияны сунуштоо тууралуу чечим чыгарды.
Бул — БатМУнун билим берүүдөгү сапатты камсыздоо, өнөктөштүк жана кесиптик даярдык боюнча стандарттарга жооп бергендигинин дагы бир далили!