Түрк тилин акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгү!

Баткен мамлекеттик университетинде түрк тили боюнча жаңы курстарга каттоо башталды.

🗓 Каттоо мөөнөтү: 1–8-сентябрь
📚 Сабактар: дүйшөмбү–жума күндөрү, саат 15:00–17:00
📍 Дарек: Баткен мамлекеттик университети, Жусупов көч., 11

Бул курс түрк тилин үйрөнүүгө кызыккан бардык жаштарга, студенттерге жана каалоочуларга акысыз негизде өткөрүлөт. Сабактарды тажрыйбалуу окутуучулар алып барып, катышуучулар түрк тилинин негиздерин тез жана натыйжалуу өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Курс бүткөн соң катышуучулар түрк тилинде сүйлөө, жазуу жана түшүнүү жөндөмдөрүн өнүктүрүп, билим деңгээлин жогорулатышат. Бул мүмкүнчүлүк сизге келечектеги билим алууда, иштөодо жана эл аралык кызматташууда чоң жардам берет.

📞 Тактоо жана кошумча маалымат алуу үчүн:
+996 773 240 999 (Кыргызстан)
+90 551 406 08 67 (WhatsApp, Ахмет Каракечели)