БатМУ СГЭИнин Педагогика жана экономика факультетинин деканы, э.и.к. Дехканов Улукбек Абдухалилович
2021-2022-окуу жылы үчүн учурдагы жумушчу планы
Баткен мамлекеттик университети Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Педагогика жана экономика факультетинин ишмердүүлүгү институттун уставына ылайык жогорку билимдүү адистерди жогорку кесиптик программанын негизинде даярдап келет. Факультеттин негизги максаты бүгүнкү коомчулук талап кылган жогорку деңгээлдеги билимдүү, заман талабына ылайык адистерди окутуп – тарбиялоо болуп саналат. Факультеттин деканатында негизинен 3 кызматкер: факультеттин деканы, декандын орун басары жана усулчу эмгектенет. Факультеттин структурасында эки кафедра бар. Алар: Филологиялык жана педагогикалык билим берүү, Табигый илимдер жана маалымат технологиялары кафедралары. Кафедралар төмөндөгү 8 багыттагы 11 профиль боюнча квалификациялуу кесип ээлерин күндүзгү жана сырткы бөлүмүндө даярдайт. Студенттерге билим берүүдө профессордук-окутуучулар курамында 3 профессор, 4 илимдин кандидаты, 7 ага окутуучу жана 20 окутуучу эмгектенет. Факультет филологиялык билим берүү, педагогикалык жана экономикалык багыттагы адистерди даярдоодо өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамынын жана жогорку окуу жайларынын факультеттеринин жобосунун, институттун уставынын негизинде жүргүзөт. Студенттердин татыктуу билим алуусуна факультетте ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Окуу корпусунда стадион жана спортзал жайгашкан. Бул жерде биздин студенттер денесин чыңдоого жана спорттун көптөгөн түрү менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.
Факультетте төмөнкү багыттагы адистер даярдалат:
Факультетте илимий-изилдөө иштери активдүү жүргүзүлүп келет. Профессордук-окутуучулар курамыны тарабынан окуу-усулдук колдонмо, монография жана илимий макалалар басмадан үзгүлтүксүз чыгарылып турат. Факультетте студенттердин өз алдынча билимин өркүндөтүүсүнө, өз билимдерин тереңдетүүсүнө, сүйгөн багытындагы түрдүү маалыматтарды алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, факультеттин китепканасында окуу-усулдук, көркөм философиялык, педагогикалык, психологиялык жана укуктук адабияттар бар. Лингафондук окуу каанасы жана интернет менен туташтырылган компьютердик кааналар студенттердин терең билим алуусуна ылайыкташ. Ошондой эле студенттер башкы окуу корпусундагы, шаардык китепканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Мындан сырткары жаңы маалымат технологиялары борбору иштеп интернет, компьютердик кызматтар, зарыл техникалык каражаттар менен (аудио-видео, проектор, компьютер ж.б.) жабдылган. Факультеттеги адистиктер билим жана илим министрлигинин чечими менен лицензия алган жана аккредитациядан өткөн. Студенттерге билим берүү үч тилде мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде окутулат. Билим берүүнүн кайсы формасында болбосун сапаттык көрсөткүчкө өзгөчө көңүл бурулат.
Лекциялык, практикалык жана семинардык сабактардын уюштуруунун формалары замандын талабына ылайыкташтырылуу менен бирге жаңы усулдар, тактап айтканда, лекция-дискуссия, тегерек стол, пресс-конференция, диспуттар, дебаттар, презентациялар уюштурулуп келет. Ал эми лекциялык сабактар техникалык каражаттар, интерактивдүү доскалар менен жабдылган атайын лекциялык залдарда өткөрүлүп, студенттерге өтүлүп жаткан темалардын негизги, көйгөйлүү жерлерин көзү менен көрсөтүүгө шарт түзүлгөн. Лекциялык сабактардын башында тажрыйбалуу лекторлор тарабынан темага байланыштуу колдонулуучу кыскача слайддар, экспресс-сурамжылоолор студенттердин жаңы материалды кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн арттырат.
Факультеттин маданий-массалык жана тарбиялык иштери бекитилген иш чаралардын планынын негизинде жүргүзүлөт. Тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча студенттердин башын бириктирген, улуттук музыкалык аспаптар менен камсыз болгон маданий – эстетикалык борбор “Студенттик Элита” клубу жана ар түрдүү адабий ийримдер түзүлгөн. Студенттер терең билим алуу менен ЖОЖдор арасында өткөрүлүүчү областтык, регионалдык олимпиадага катышып, байгелүү орундарды багынтып келүүдө.
Жыл сайын, Түштүк аймактагы окуу жайлары боюнча студенттер арасындагы өткөрүлүүчү олимпиадага биздин окуу жайдан, атап айтканда Педагогика жана экономика факультетинин студенттери катышып төмөнкүдөй байгелүү орундарды камсыз кылып келе жатышат.
Факультеттин студенттери Ош мамлекеттик социалдык университетинде өткөрүлгөн IV регионалдык олимпиадада төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:
№ | Студенттин аты-жөнү | Тайпасы | Катышкан предмети, адистиги | Ээлеген орду | Жетекчиси |
1 | Наврузов Азамат | Тарых – 2 | Математика | 1 | Байгесеков А.М. |
2 | Абалбаева Уулман | Англис тили – 2 | Кыргызстан тарыхы | 1 | Дооранов Н. |
3 | Караева Муборак | Тарых – 2 | Педагогика | 1 | Мадмуратова З. |
4 | Савриддин кызы Мээрхан | Англис тили – 2 | Укук таануу | 2 | Дехканов У.А. |
5 | Муминова Шахноза | ПиМНО- 3 | Психология | 2 | Садыков М.Ш. |
6 | Курикова Яна | Англис тили – 2 | Психология | 3 | Садыков М.Ш. |
Студенттер Баткен мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн V регионалдык олимпиадада төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:
№ | Студенттин аты-жөнү | Тайпасы | Катышкан предмети, адистиги | Ээлеген орду | Жетекчиси |
1 | Махкамова Новбахор | Англис тили- 2 | Математика | 1 | Байгесеков А.М. |
2 | Азимова Кайриниса | Англис тили- 2 | Педагогика | 2 | Мадмуратова З.Г. |
Муминова Шахноза | ПиМНО -4 | Психология | 2 | Садыков М.Ш. | |
3 | Набиева Мукаддас | Орус тили -1 | Психология | 3 | Садыков М.Ш. |
Саксанова Хулкарай | ПиМНО -4 | Педагогика | 3 | Расулова З. | |
4 | Савриддин к Мээрхан | Англис тили- 2 | Укук таануу | 3 | Абдатов Д.Р. |
Жалал-Абад Экономика ишкердик университетинде өткөрүлгөн VI регионалдык олимпиадада төмөнкүдөй байгелүү орунга ээ болушту:
№ | Студенттин аты-жөнү | Тайпасы | Катышкан предмети | Ээлеген орду | Жетекчиси |
1 | Холикова Гулсанам | ПиМНО -2 | Математика | 2 | Байгесеков А.М. |
2 | Мухаммаджан уулу Муратжан | ФК-3 | Экономика | 2 | Элмуратов Ш.З. |
2018-2019-окуу жылында Баткен мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн VIII регионалдык олимпиадада төмөнкүдөй байгелүү орунга ээ болушту:
№ | Студенттин аты-жөнү | Тайпасы | Катышкан предмети, адистиги | Ээлеген орду | Жетекчиси |
1 | Базарова Нафосат | Орус тили- 1 | Кыргыз тили | 1 | Авязова А.М. |
2 | Нурланбек кызы Гулдана | Англис тили- 1 | Педагогика | 1 | Мадмуратова З.Г. |
3 | АйдосовМуратбек | Тарых -4 | Кыргызстан тарыхы | 1 | Дооранов Н.А. |
4 | Баратова Арофат | Англис тили -2 | Математика | 2 | Толубаев Ж.О. |
5 | Маматкулова Райхона | Англис тили -2 | Психология | 2 | Садыков М.Ш. |
6 | Каттабекова Орозгул | Педагогика- 3 | Педагогика | 2 | Расулова З.А. |