Category: Анонстор жана жарыялар

И.Раззаковго арналган илимий конференция өткөрүлдү

Улуу лидерге арналган конференцияны Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Осмонбеков Канымет Бийзакович ачып, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, генерал-майор Алимбаев Абдикарим Карбековичке сөз берилди. Ал өз…

Урматтуу Баткен мамлекеттик университенин катталуучулары! Алдыда сиздерди БатМУда билим алып, учурда карьерасын ийгиликтүү түптөгөн сыймыктуу бүтүрүүчүбүздүн бейнеси менен тааныштырабыз.

Бүгүнкү рубрикабызда БатМУнун 2015-жылкы бүтүрүүчүсү, Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин директору Салимбай уулу Адилет менен болгон маекти сунуштайбыз.1. Сөздү алгач өзүңүз жөнүндө баштасак, жогорку окуу жайда кайсы адистикти бүтүргөнсүз? Бул…

18-март күнү Зебиниса Мурзакаримова, Ахмед Аскарбековдор тарабынан “Билим берүү системасынын педагогикалык кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары” – аттуу темада семинар болуп өттү.

Семинарда педагогикалык билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акыларынын билимине (жалпы орто билим, орто кесиптик билим, бакалавр/адис/магистр квалификациялары) жана кызмат ордунун аталышына (1-4-класстын, 5-11-класстарынын, 5 кошумча информатика, математика, физика, химия…

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Уэсли Вигери менен Бириккен Улуттар Уюмунун Улуттук модели (БУУ) конференциясы.

12-мартта БУУнун моделинин финалында элчи Бишкек, Баткен, Жалал-Абад, Кант, Каракол, Нарын, Ош жана Талас облустарынан келген 50дөн ашык катышуучуларды сыйлады. Белгилей кетсек Баткен мамлекеттик университетинен 5 студент аталган таймашка катышып…

Бүгүн 2024-жылдын 18-мартында, Баткен мамлекеттик университетинин окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдөрүнүн студенттери арасында, ички олимпиада болуп өттү.

Университеттин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдун тапшырмасы менен, “Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү” боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек, Эйип Бейез жана Орозов Бекболот тарабынан synak.batmu.kg системасы иштелип чыгып, олимпиада электрондук форматта өткөрүлдү.…

Бүгүн 16-март күнү, Баткен мамлекеттик университетинде айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча “Тазалык менден башталат” акциясы өткөрүлдү

Ишмебилик окуу жайдын профессордук-окутуучулардын катышуусунда, БатМУнун айланасы шыпырылып тазаланды, арыктар чабылып, бак-дарактар акталды.Ар бир мекеме жана ар бир үй-бүлө, айлана чөйрөнү тазалоо, таштандылардан арылтуу, имараттарды жана турак үйлөрдү, коомдук жайларды…

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде 2024-жылдын 9-январында болгон

“Жогорку мамлекеттик окуу жайлардын региондорду өнүктүрүү багытында иш аракеттер тууралуу” кеңешменин протоколдук тапшырмасынын алкагында жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 2-мартындагы № 01-17/740 кызмат катына ылайык БатМУнун Тышкы байланыштар жана…

Бүгүн, Баткен Мамлекеттик Университетинде АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен “Жаркын келечек үчүн билим алуудагы тенчилик жана жеткиликтүүлүк” , “Маалыматтык сабаттуулук: Илимий изилдөөдө жана окутууда электрондук ресурстарды эффективдүү колдонуу” оюнча тренинг болуп өттү.

Бул тренингдин журүшүндө окутуучулар, студенттер жана аспиранттар окууда, окутууда жана изилдөөдө пайдалуу электрондук ресурстарды издөө жана аларды колдонуу боюнча маалымат алышты. Тренингдин алкагында БААУнин китепкана кызматкерлери жергиликтүү жана чет элдик…

Бүгүн, 7-мартта Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде Баткен райондук сотунун судьясынын жардамчысы Эргешова Салима тарабынан “Эмгек кодекси. Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусундагы укуктары жанамилдеттери” – аттуу темада семинар болуп өттү.

Семинарда эмгек кодекси, жумушка кирүүдөгү эмгек келишими, эмгек өргүүсү, такшалтмалар, эмгек келишиминин бузулушу, сыноо мөөнөтү тууралуу кенен маалыматтар айтылды.Семинар жандуу суроо-жооптор менен коштолду. Студенттер өздөрүнө керек болгон бардык суроолоруна жооп…

2024-жылдын 5-мартында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчисинин Окуу иштери боюнча кеңешчиси Баткен мамлекеттик университетине атайын иш сапары менен келишти.

Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов кабыл алып, БатМУнун базасында теология жана айыл чарба факультетин ачуу, Ыйман гимназияларынын ишмердүүлүгүн кеңейтүү, өркүндөтүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошону менен бирге…