Үстүбүздөгү жылдын 5-7-июнь күндөрү Баткен районунун Кайыңды айылындагы “Дары булак” эс алуу борборунда БатМУнун Бириктирилген кесиптик бирлиги тарабынан окуу жайыбыздын окуу-түзүмдөрүнөн келген профсоюз мүчөлөрү үчүн окутуу семинары өткөрүлдү. Семинардын биринчи секциясы Ишканада корпоративдик маданиятты калыптандыруу маселесине арналды. Экинчи күнү стратегиялык максат жана аны түзүү талкууланды. Ал эми акыркы күнү “Адам укутары-эмгек укуктары” аталышындагы тема алынып профсоюз мүчөлөрү бул жаатта да кызыктуу ой-толгоолорун ортого салышты. Семинарды тажырыйбалуу тренерлер БатМУнун доценти Ш. Шеров менен ага окутуучу Д .Сатаркулов алып барышты. Окутуу семинары катышуучулардын жагымдуу маанайда, таза аба, кооз табигаттын койнунда эс алуусу менен коштолду. Кесиптик бирлик тарабынан мындан ары да окутуу семинарларды өткөрүп туруу пландалып жаткандыгын профсоюз төрагасы К.Таиров билдирди. Анын айтымында өзүбүздү окутуу аркылуу гана эмгек укуктарыбызды коргоону колго ала алабыз деп билдирди.