Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук баалуулуктар” жөнүндө жарлыгынын негизинде “Туруктуу өнүгүүнү колдоого жана климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүдө жооптуу инновациялар” аталышында 2024-жыолын 7-10 июль күндөрү Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан окумуштуулар катышты. Конференцияда атайын климатты коргоого багытталган илимий макалалар, докладдар окулду. Конференциянын жыйынтыгы менен сунушталган макалалар Scopus илимий-метрикалык базасына жайгаштырылат.

Эл аралык конференция Баткен мамлекеттик университети, “Илимий байланыштар институту” жана туруктуу өнүгүү жана технологиялык лидерлик концорциуму менен биргеликте Чолпон-Ата шаарында өткөрүлдү.

Конференция тууралуу катышуучулардын ой-пикири:

https://dzen.ru/a/ZoupiUwgxXx2Hd2K?share_to=whatsapphttps://dzen.ru/a/ZouoiulnFwzz77D2?share_to=whatsapp