2020- жылдын 21-февралында БатМУ САИде Эл аралык эне тил майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык тарбиялык иш чара окуу жайдын окутуучулары Расулова З.А., Мадмуратова З.Г.тарабынан Сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмүнүн “Мектепке чейинки билим берүү” профилинин студенттери менен “ Тил элдин байлыгы жана баалуулугу” деген темада өткөрүлдү.Иш чарада дүйнө элдеринин тил өнүктүрүү тарыхындагы маанилүү орду тууралуу айтылып,ар улуттун маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары көрүучүлөргө тартууланды. Майрам жогорку деңгээлде өтүлдү.
Толук маалымат ушул ссылкадан көрүүгө болот.
Кайрымдуулук парзыбыз,биригели жалпыбыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы укуктуу өкүлүнүн атайын буйругунун негизинде 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүн өткөрүү жана 2019-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин Баткен областынын аймактарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтундагы Педагогика жана экономика факультетинин Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу профилинин күндүзгү бөлүмүнүн 1-курсунун П-1-19 тайпасынын куратору Мадмуратова Замира Гүлбаевна тарабынан 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук иш пландын негизинде Замира Гүлбаевна “Кайрымдуулук парзыбыз,биригели жалпыбыз”деген темада тайпанын студенттерине сабак өтүп, Сүлүктү шаарында жашаган майыптар жөнүндө маалымат берди. Өткөрүлгөн куратордук сааттан студенттер майыптуулугу бар адамдардын күндөлүк турмушта туш келүүчү көйгөйлөрүн жон териси менен сезишип, боорукерлик сезимдери ойгонду десек жаңылышпайбыз. Сабакта студенттер майыптуулугу бар адамдар биз сыяктуу эле адам, болгону кээ бир иш-аракеттерде мүмкүнчүлүгү чектелген деген жыйынтык студенттер тарабынан чыгарылып,сабактын соңунда куратордун демилгесин студенттер колдоп,шаарыбызда жашаган майыптарга жакындан жардам берип, кабар алып келүүнү сунушташты.
1-курстун студенттери мээримдүүлүк, боорукердик,адамгерчилик сезимине кадам таштап биздин окуу жайыбызда үзүрлүү эмгектенип, илимдин кандитаттык даражасын коргогон окумуштуу, азыркы учурдагы I топтогу майып, т.и.к., доцент Мурзакулов Курбанали Ергашевич менен үйүндө жолугушуп, агайдын ал-абалын жана ден-соолугун сурап, көңүлүн көтөрүштү. Агайды майрамы менен куттуктап, алып барышкан белектерин тапшырышып, ак батасын алып кайтышты. Андан кийин, көп жыл бою Сүлүктү шаарындагы №5 Ж.Рустамов атындагы орто мектебинде эмгектенип, ардактуу пенсияга чыккан, II топтогу майып айым Халилова Лола апа менен жолугушуп, апабызды майрамы менен куттуктап алып барышкан таттууларын, белектерин тапшырышты. Мындан сырткары студенттердин апабыздын үй-тиричилигине кол кабыш кылуусу уюштурулду.
Уюштурулган иш-чара, окуу тайпанын студенттеринин аз да болсо ички сезимдерин козгоп, мындан кийин дагы ушундай кайрымдуулук иштерине активдүү катышып турууга түрткү болот деген ишеничтебиз.
БатМУ САИнин филологиялык жана
педагогикалык билим берүү кафедрасынын
башчысы, ага окутуучу Канназарова Б.У
__________________________________________________________________________________________
Спидге каршы күрөшүү күнүн утурлай.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы укуктуу өкүлүнүн атайын буйругунун негизинде 2019-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин “Коомчулук көңүл буруунун борборунда” аттуу бир айлыктын алкагында үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтундагы китепканачысы Айтемирова Жылдыз Умаркуловна, Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Мадмуратова Замира Гүлбаевнанын жетекчилиги астында Педагогика жана экономика факультетинин Педагогика багытынын Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу профилинин күндүзгү бөлүмүнүн 1-курсунун П-1-19 окуу тайпасынын студенттери тарабынан 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД ооруусуна каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИД кылым коркунучу” деген аталыштагы тарбиялык-маданий иш чара өткөрүштү. Иш чаранын алкагында студенттер өлкөбүздө ден-соолук, биримдик, туруктуулук, сүйүү, ишеним орун алса биз СПИДди жеңе алабыз деген ураан менен чыгып бүгүнкү күндөгү эң коркунучтуу жана өтө тездик менен жайылып бара жаткан XXI кылымдын чумасы СПИД дарты, ВИЧ инфекциясы тууралуу жана коркунучтуу илдеттин алдын алуу, ооруунун жугуу жана сактануу жолдору, сергек жашоо мүнөзү боюнча атайын маалыматтар берүү менен презентациялар көрсөтүлүп, докладдар окулуп, студенттер менен суроо-жооптор уюштурулду. Тема боюнча СПИД жана наркомания проблемаларын чагылдырган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүү менен мекен, ден-соолук боюнча музыкалык номерлер менен бирге, макал-ылакаптар, учкул сөздөр айтылды. Иш чарага окуу жайыбыздын директору Ы.Т.Тороев катышып, ал өз сөзүндө өткөрүлгөн кеченин тарбиялык жана профилактикалык мааниде болгондугун белгилөө менен окуу жайдагы башка окуу тайпаларынын арасында да бир айлыктын алкагында атайын сынактар өткөрүлүлүүсүн, дил баян, жат жазуулар жазылып алынуусун, атайын бурчтар түзүлүүсүн сунуштады. Тарбиялык кечеге 1-курстун жалпы студенттери, окуу тайпалардын кураторлору катышышты.
Жыйынтыгында өткөрүлгөн тарбиялык-маданий иш-чара анализденип, окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы У.А.Дехканов, жетектөөчү адиси М.Ж.Сайдалиев, факультеттин деканы ф.и.к. А.М.Байгесеков, декандын орун басары А.М.Авязова, окутуучулар М.Ш. Садыков, З.Ш.Салиева, Г.Ш.Дусалиева, З.Х.Абдурахманова, Р.РКадыралиевалардын айтуусу боюнча аталган кече уюштуруу жагынан да мазмуну жагынан да абдан кызыктуу өткөрүлгөндүгүн баса белгилешти.
БатМУ САИнин филологиялык жана
педагогикалык билим берүү кафедрасынын
башчысы, ага окутуучу Канназарова Б.У.
__________________________________________________________________________________________
Бүтүрүүчүлөр ассоцияциасынын жыйыны
Сулукту шаардык маданият сарайында 20-апрелде БатМУ САИнин Бутуруучулор Ассоциациясынын демилгеси менен “Окуу жайым-менин сыймыгым” аттуу марафон болуп отту. Марафонго окуу жайдын Лейлек Баткен жергесинин жана Сулукту шаарындагы мекеме-ишканаларында эмгектенип жаткан бутуруучулору катышты. Ошондой эле, БатМУ САИнин бутуруучулору: КРна таанымал болуп келаткан “Аккорд” жигиттер тобу, Маданияттын мыктысы Надирабегим Исабекова, 2016- жылы Баткендин ” Алтын ун” номинациясынын ээси Эмил Орунбаев, ” Арууке” бийчилер тобунун корком жетекчиси Уулжан Акботоеванын таланттуу кыздары жана институттун “БатМУ таланттары” кароо-сынагынын тандалма студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.
БатМУ САИнин студенттери Таджикистанга “Достук жолугушуусуна” барып келишти
2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында 4-май күнү БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун активдүү студенттери Ходжент шаарына эки элдин жаштарынын достук-ынтымагын бекемдөө, байланышын күчөтүү, тарыхый жайлары менен таанышуу максатында жыл сайын уюштурула турган “Достук жолугушуусуна” барып келишти. Бизди атайын Ходжент мамлекеттик университетинин студенттери тосуп алып, ХГУнун окуу имараты жана шаардын кооз жайлары, тарыхый ыйык жерлери менен тааныштырды. Эки элдин жаштары бири-бири менен таанышышып, достук алакасы чыңалып, мамилеси дагыда болсо бекемделди.
Бул саамалык салттык түргө айланып, БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун студенттери, окуу-жайдын көркөм жетекчиси Э.Т.Мажитованын жетекчилиги астында жыл сайын кошуна Тажик Республикасынын Ходжент шаарына барып “Достук жолугушуусун” уюштуруп өткөрүп келет.