
«Жашыл экономикадагы санариптик технологиялардын ролу»
Бул окуу программасы Баткен мамлекеттик университетинин базасында ишке ашып жаткан Erasmus+ программасынын “GREEN KG – Green and Digital Universities for Sustainable Development of Kyrgyzstan” долбоорунун алкагында даярдалды.
Курс университеттик компонент катары тандалып, БатМУнун бардык профилдерине сунушталат.
“Роль цифровых технологий в зелёной экономике” аттуу предмет 5-семестрге пландаштырылып, 2026–2027-окуу жылында окутулат.
Программа БатМУнун окуу планы менен бекитилген.