Баткен мамлекеттик университети төмөнкү факультеттердин декандарынын ваканттык кызмат орундарына конкурс жарыялайт:
- Башкы мекеме боюнча:
- Табият таануу жана педагогика факультетинин деканы кызмат ордуна;
- Гуманитардык-экономикалык факультетинин деканы кызмат ордуна.
- Кызыл-Кыя экономика, укук жана технология институту боюнча
- Экономика жана инженердик технология факультетинин деканы кызмат ордуна.
- Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту боюнча
- Педагогика жана экономика факультетинин деканы кызмат ордуна;
Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси:
- Ректордун наамына жазылган арыз;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Кыскача таржымал (резюме);
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (КБ күбөлөндүрүү менен);
- Жогорку билими, окумуштуулук даражасы, илимий наамы (бар болсо) тууралуу документтеринин көчүрмөсү (КБ күбөлөндүрүү менен);
- Белгиленген тартипте Окумуштуулар кеңешинин катчысыга күбөлөндүрүп, акыркы 5 ичиндеги жарыяланган илимий жана окуу-методикалык иштеринин тизмеси;
- 5 жылга факультетти өнүктүрүү планы;
- Иштеген жеринен мүнөздөмө.
Катышуучуларга коюлган талаптар БатМУнун “Факультеттеринин декандарын шайлоо тартиби” жөнүндө жобосунда көрсөтүлгөн. (www.batmu.kg )
Биздин дарек: 720100 Баткен ш. И.Жусупов көчөсү, 21
Тел.:(03622) 6-09-80, 6-09-77, 6-08-75, 6-09-81,
Факс: (03622) 5-03-26
Эскертүү: Коюлган талаптарга жооп бербеген катышуучулардын документтери конкурска кабыл алынбайт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: Жарыя чыккан күндөн тартып – 1 (бир) ай.