Баткен мамлекеттик университетинин ректору кызмат ордуна талапкер, экономика илимдеринин  кандидаты, профессор Гыязов Айдарбек Токторовичтин

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ

Программаны ишке ашырууга негизги мамиле:

Принциптер: кесипкөйлүк, интеграция, сапат, жаңычылдык, ачык-айкындуулук, креативдүүлүк,  натыйжалуулук.

Стиль: ишке жөндөмдүүлүк, сый-урмат менен  мамиле жасоо, камкордук, ак ниеттүүлүк, тырышчаактык.

Программа төмөнкү маселелерди чечүү үчүн түзүлдү:

– таланттуу жаштар үчүн жагымдуу алдыңкы билим берүү борборуна айлануу;

– кадрларды даярдоонун жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын спектрин кеңейтүү максатында өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдору менен алакаларды өнүктүрүү;

– региондо алдыңкы илимий-инновациялык борборго жана инжинирингдин борборуна айлануу;

– университеттин жамаатында стабилдүүлүктү жана чыгармачылык жигердүүлүктү сактоо;

– «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамды аткаруу менен университеттин жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн – БатМУнун КПИнин, БатМУнун ККТИнин жана БатМУнун САИнин жана колледждердин ишмердүүлүгүнүн бардык багыттарын андан ары өркүндөтүү. Университеттин ишине дүйнөнүн рейтинги бар университеттеринин автономдуулук, сапат, илимге багыттуулук, мобилдүүлүк, престиждүүлүк принциптерин кийирүү;

– университеттин негизи катары кафедралардын илимий-педагогикалык жамааттарынын натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;

– профессордук-окутуучулук курамга, университеттин жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине камкордук менен мамиле кылуу принциптерин ишке ашыруу;

 – студенттерди Кыргызстандын патриоттору болууга тарбиялоо, жогорку квалификациялуу, компетенттүүлүгү жогору адистерди даярдоо;

– студенттердин окуу, жашоо, эс алуу, ар тараптуу өнүгүү жана укуктары менен жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу максатында университетти өзгөртүп түзүү үчүн студенттик өз алдынча башкаруусуна жана жаштардын демилгелерине колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү;

– жогорку билим берүүнүн сапаты кепилдиктердин ички системасынын негизинде адистерди тиешелүү деңгээлге чейин даярдоонун сапатын жогорулатуу;

– эл аралык байланыштарды жана студенттер менен окутуучулардын мобилдүүлүгүн өнүктүрүүнүн, окуу программаларын КМШнын жана Европанын алдыңкы университеттерине ылайыкташтыруунун негизинде университетте окуу процессин интернационалдаштыруу;

– каржылоо булактарын кеңейтүүнүн эсебинен университеттин илим-изилдөө жана чарбалык ишмердүүлүгүн каржылоонун көлөмүн көбөйтүү;

– билим берүү процессине жумуш берүүчүлөрдүн катышуусун кеңейтүү. Заманбап лабораториялардын материалдык базасын өнүктүрүү максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк фирмалар жана ишканалар менен байланыштарды бекемдөө;

– университеттин билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүндө заманбап IТ-технологияларды, телекоммуникациялык системаларды жана долбоорлук ыкмаларды пайдаланууну кеңейтүү.

БатМУну өнүктүрүүнүн ресурстук базасы

Көрсөтүлгөн документтерде БатМУнун жамаатынын алдына коюлган маселелердин масштабдары университеттин жетекчилигинен 2021-жылдан 2026-жылга чейин каржылоонун университеттин бюджетинин статьяларын абдан көбөйтө тургандай булактарын калыптандырууну, аларды илим изилдөөлөрдүн жана окуу процессинин материалдык инфраструктурасын жана кадрдык камсыздалышын өнүктүрүүгө багыттоону талап кылат.

Бул максатта жалпы университеттик башкаруу деңгээлинде БатМУнун изилдөө институттары, инновациялык-технологиялык борбору сыяктуу ресурстары топтоштурулушу керек. Баткен областынын сырьену жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталган өнөр жай потенциалын эске алуу менен, ошондой эле экология жана калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы көйгөйлөрдүн кеңири спектрин эске алып, «БатМУ-2030 Стратегиясынын» тиешелүү илимий платформаларын өнүктүрүүнүн бирдиктүү программасын иштеп чыгуу зарыл.

Учурда БатМУ үчүн илимий көрсөткүч эң көйгөйлүү болуп турганын эске алганда, биринчиден, изилдөөлөргө багытталып жаткан борбордоштурулган ресурстарды перспективдүү илимий багыттарга жумшоо. Экинчиден, кызматкерлердин илимий жыйынтыктарынын чет өлкөлүк басмаларда басып чыгаруу боюнча сервисти түзүү, өздүк илимий басмаларды, анын ичинен «БатМУ жарчысы» журналын эки тилде басып чыгаруу керек.

Университеттин тиешетүү имиджин калыптандыруунун маанилүү элементи деп БатМУну ири маалыматтык жана билим берүү ресурсуна айландыруу менен сайтынын кыргыз, орус жана англис тилиндеги версияларын түп-тамырынан модернизациялоону эсептөө зарыл.

Университетти башкаруу

Университетти башкаруу маселелеринде эң маанилүү болуп БатМУнун Окумуштуулар кеңешинин алдында анын ишмердүүлүгүнүн чечүүчү багыттары боюнча учурдагы абалынын анализи жана тиешелүү өнүгүү программаларын калыптандыруу менен алектенген туруктуу комиссияларды түзүү саналат.

2021-жылдын декабрына чейин университеттин ишмердүүлүгүн башкаруунун, анын ичинде окуу процессин башкаруунун, сабактардын жадыбалынын, штаттык бирдикти, каржы ресурстарын бөлүштүрүүнүн жана студенттер менен окутуучулардын рейтингин аныктоонун автоматташтырылган кагазсыз системасын түзүү.

Институттардын, кафедралардын жана факультеттердин материалдык илимий базасын жаңылоонун программасын түзүү, аны каржылоо менен камсыздоо, анын ичинен эл аралык гранттардын эсебинен (өлчөөнүн жана автоматташтыруунун компьютердик системалары, комплекттөөчү шаймандар жана материалдар) (2021-2026-жж.).

Диссертацияларды коргоо, чет өлкөлүк стажировкалар аркылуу жаштарды инновациялык ишмердүүлүккө шыктандыруу.

Кадр саясаты жана эмгекке акы төлөө системасы

БатМУнун административдик жана илимий-педагогикалык курамын жакшыртуу максатында бардык структуралык бөлүмдөрүндө башкаруу персоналынын ротациясын камтыган кадрдык резерв системасы иштелип чыгышы жана акырындык менен кийирилиши керек. Каржы ресурстарынын олуттуу бөлүгүн БатМУнун материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана жаш окутуучулар менен илимий кызматкерлерге колдоо көрсөтүүгө багыттоо талап кылынат.

БатМУнун илимий-педагогикалык кызматкерлеринин илимий жана билим берүү активдүүлүгүн жогорулатуу максатында БатМУда илимдин кандидаттарын жана докторлорун даярдоого, окуу китептерин жана илимий монографияларды жазууга, дүйнөлүк алдыңкы илимий журналдарда макалаларды басып чыгарууга каржылык стимул жасоо системасын кийирүү зарыл.

Бюджеттик илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын илимий маалыматтар базасына (Scopus) кирген басылмалардан басып чыгаруу максатында ар бир кафедрага колдоо көрсөтүү.

Окумуштуулардын, университеттин профессордук-окутуучулук курамынын региондук, республикалык жана эл аралык илимий-техникалык жана экономикалык өнүгүү боюнча программаларга катышуу ишине колдоо көрсөтүү.

Студенттердин окумуштуулар кеңешинин, усулдук комиссиялардын, жаш окумуштуулар кеңешинин жана кабыл алуу комиссияларынын ишине катышуусу аркылуу студенттик өз алдынча башкарууну окуу процессин башкарууга тартуу.

Профессордук-окутуучулук курамды сактоо тууралуу ар тараптан кам көрүү, ошол эле учурда илимий деңгээлин көтөрүү боюнча иштерди алып баруу.

Окутуучуларды 20 000 сом сыйлык берүү менен окуу китептерин жазууга шыктандыруу.

Сапаттуу окутуунун жана чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүүнүн негизи катары окутуучуларды чет тилдерди пайдаланууга шыктандыруу, аларга окладга 10% кошумча төлөм берүү.

Студенттердин кафедралардын илимий изилдөөлөрүнө катышуусун активдештирүү.

Илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жаатындагы саясат

БатМУда жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн көп пландуулугу жана масштабдуулугу структуралык бөлүмдөрдүн (кафедралардын, лабораториялардын, факультеттердин, институттардын)  илимий натыйжалуулугун баалоонун айрым башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн негиз боло тургандай системасын иштеп чыгуу зарылдыгы бышып жетилгенин көрсөтүүдө. Мындай чаралардын катарына биринчи кезекте изилдөөлөрдүн тигил же бул багыттарына колдоо көрсөтүү үчүн борбордоштурулган ресурстарды колдонуунун максатка ылайыктуулугу тууралуу чечимдерди кийирүү зарыл.

Академиялык мобилдүүлүктүн негизинде окуу процессине катыштыруу максатында жыл сайын университетке алдыңкы ата мекендик жана чет өлкөлүк университеттерден профессорлорду чакыруу.

Кошумча окуу, практикалык даярдык, кош дипломдор жана окутуучулардын стажировкасы, дисциплиналарды чет тилдерде окутуу ж.б.у.с. эсебинен жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруунун формаларын кийирүү.

ОКУУ ПРОЦЕССИН УСУЛДУК КАМСЫЗДОО

Дисциплиналардын окуу программаларынын, окуу пландарынын мазмунун кайра карап чыгуу, аларды студенттердин талап кылынган компетенцияларын камсыз кылуу максатында илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктеринин эсебинен жаңылоо.

2021-жылдын октябрь айынан тартып университеттин китепканасы үчүн жылына  200-250 миң сомго чейинки суммада мезгилдүү басылмаларды, илимий жана окуу адабияттарын сатып алууну калыбына келтирүү.

Аралыктан жана электрондук окутуу үчүн электрондук турдө усулдук камсыздоону түзүү.

Электрондук жана аралыктан окутууну өнүктүрүүнү улантуу:

– бардык структуралык бөлүмдөрдүн катышуусунда буга чейин иштелип чыккан электрондук дисктердин негизинде электрондук окутуунун толук системасын түзүү;

– электрондук окуу программаларынын жана усулдук каражаттардын сапатын көзөмөлдөө системасын  ишке ашыруу;

– окуу-усулдук комплексинин бардык электрондук компоненттеринин бирдиктүү маалымат-билим берүү чөйрөсүнө кийирилишин камсыз кылуу.

Абитуриенттерди тартуу

Жалпы билим берүү мектептеринде билим берүүнүн, айрыкча табигый жана так дисциплиналар боюнча даярдоонун деңгээли өтө төмөндөп кеткенин моюнга алышыбыз керек. Мындай кырдаалга демографиялык төмөндөө, ошондой эле бул предметтерди өздөштүрүүдө окуучуларга стимул берүүнүн начарлашы себеп болууда. Буга байланыштуу БатМУнун мектеп окуучуларын даярдоо процессине активдүү катышуусунун жалпы университеттик системасын иштеп чыгуу, атап айтканда борбордоштурулган ресурстардан дисциплиналардын топтору боюнча профилдик класстарды түзүү жана колдоо көрсөтүү максатка ылайык. Бул иш-чаралар эң жөндөмдүү окуучуларды БатМУга окууга кирүүгө шыктандырууга шарт түзүшү керек.

Мындан тышкары, БатМУ жана райондук, шаардык билим берүү борборлору менен биргеликте жалпы билим берүү мектептери жана лицейлер үчүн кадрларды даярдоо жана тандоо боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүлүшү керек.

Мамлекеттик буйрутманы аткаруу жана контракттык окууга кабыл алуу максатында абитуриенттер менен кесипке багыттоо ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле университетке талантуу абитуриенттерди кабыл алуу максатында таланттуу студенттерди конкурстук негизде кабыл алууну уюштуруу.

Социалдык тармактарда жарнамалоо ишмердүүлүгүн кеңейтүүнүн эсебинен азыркы шарттарда кесипке багыттоо ишин трансформациялоо, жаш окумуштуулар менен болочок адистик боюнча кеңештерди өткөрүү, маалымат технологияларынын эсебинен абитуриенттердин көбүрөөк контингентин камтуу.

Адистерди даярдоонун сапатын модалдык жогорулатуу жолдорун талкуулоо максатында окутуучулардын, жумуш берүүчүлөрдүн, илимпоздордун катышуусу менен тегерек столдорду өткөрүү.

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ

Tempus, DAАD, Erasmus ж.б. эл аралык программаларга катышкан кафедралардын санын көбөйтүү. Чет өлкөлүк жана ата мекендик университеттер менен билим берүү жана илим жаатында долбоорлорду ишке ашыруу (жылына 3-4 долбоор).

Кош дипломдор программалары боюнча жогорку билим берүүнүн лидерлери менен окуу программаларын макулдашуунун эл аралык долбоорлоруна катышуу жолу менен университетти активдүү интернационалдаштырууну жолго салуу (2021-2023-жж.).

Лекцияларды окуу, мастер-класстарды өткөрүү, тренингдерди жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында жыл сайын чет өлкөлүк ЖОЖдордон алдыңкы адистерди чакырууну практикалоо.

Университеттин таанылуусу үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөр, чет өлкөлүк студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн маалыматтык ачыктыкты камсыз кылуу.

Университеттин профессордук-окутуучулук курамынын эл аралык долбоорлорду, биринчи кезекте Erasmus долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле кредиттик мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча иш алып баруу.

 

ТАРБИЯ ИШТЕРИ

1. Университетте тарбия иштерин адеп-ахлак жана маданий баалуулуктарды, социалдык активдүүлүктү, жоопкерчиликти жана дени сак жашоо образын бекемдөө үчүн патриоттуулукка массалык тарбиялоо жолу менен студенттердин көп кырдуу личностун калыптандырууга багыттоо.

2. Тарбиялоонун жекече да, массалык да формаларын колдонуу менен билим берүү процессинде окуу менен тарбияны айкалыштыруу.

3. Окутуучулардын арасында тарбия иштерин жамаатта чыгармачыл атмосфераны, өнөктөштүк мамиленин негизинде студенттерди даярдоонун сапатына жоопкерчиликти сактоого багыттоо.

4. Социалдык демилгелерди, коомдук бирикмелерди, өлкөдөгү волонтерлук кыймылдарды тартуу менен тарбиялоо ишинин массалык жана жекече формаларына колдоо көрсөтүү жана жайылтуу.

5. Маданий, саясий жана илимий тарбия берүү борбору катары илимий-техникалык китепкананын өнүгүүсүнө шарт түзүү.

6. Студенттик өз алдынча башкаруунун жана студенттердин кесиптик кошуунунун бардык багыттардагы тарбия иштерине катышуусун камсыз кылууну материалдык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу.

7. Эл аралык, республикалык мелдештерде спорттун ар кандай түрлөрү боюнча университеттин жана өлкөнүн намысын коргогон спортсмендерге каржылык колдоо көрсөтүү.

8. Факультеттер менен кафедралардын физкультура-спорттук кыймылдарга кызматкерлер менен студенттердин масаалык түрдө катышуусунун деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарга көмөк көрсөтүү.

9. Университетке спортто жогорку жетишкендиктерге ээ болгон мектеп окуучуларын тартуу.

10. Студенттик өз алдынча башкаруу жана студенттердин кесиптик кошууну менен биргелешип алардын университеттин окуу, илимий, спорттук жана маданий-массалык иштерине катышуусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу.

Окутуучулардын студенттер менен окуу-тарбия иштерин алып баруусуна талаптарды жогорку деңгээлдеги билимдер менен камсыз кылууну, ошондой эле аларды адам укуктарына, ар-намыска жана эркиндиктерине сый мамиле кылуунун тиешелүү даражасы менен өлкөсүнүн чыныгы патриоттору кылып тарбиялоону көздөө менен күчөтүү.

ФИНАНСЫЛЫК СТРАТЕГИЯ

1. Каржылоо стратегиясынын негизги максаты болуп университеттин Кыргызстандын адистеринин болочок муунун чыгаруу максатынын негизи катары илимди жана техниканы өнүктүрүү,  илимий мектептерди, материалдык-техникалык базазы сактоо жана өнүктүрүү саналат.

2. Каржы ресурстарын, биринчи кезекте, окуу процессин жүргүзүү үчүн  материалдык базаны бекемдөөгө жана жакшыртууга багыттоо, экинчи кезекте, социалдык коргоо жана эмгек жана жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн студенттердин, окутуучулардын, илимий кызматкерлердин муктаждыктарына жумшоо зарыл.

3. Педагогикалык иштин сапатын көтөрүү үчүн окутуучулардын кызматтык окладдарына максималдык кошумча төлөмдөрдү пландаштыруу.

4. Тейлөөчү педагогикалык персоналга максималдык кошумча төлөмдөр.

5. Университеттин бардык кызматкерлерине тарифтик сетканын максималдык өлчөмү менен акы төлөөнү пландаштыруу.

6. Каржылык ишмердүүлүк стратегиясында каражаттарды үнөмдөө аркылуу сыйлык берүүгө, ректордук кошумча төлөмдөргө жана материалдык жардамга чыгымдарды калыптандыруу.

7. Каржылык агымдарды оптималдуу пландаштыруу стипендиялар менен эмгек акыларды, эмгек өргүүлөрүнө жана саламаттыкка төлөп берүүлөрдү өз убагында төлөөнү камсыз кылышы керек.

8. Каржылык автономиянын негизинде бөлүмдөрдүн өзүн-өзү каржылоосуна жарым-жартылай өтүүнү баштоо, институттарга, факультеттерге жана кафедраларга алардын  муктаждыктары үчүн каражат бөлүп берүү.

9. Университеттин бөлүмдөрүндө төмөнкүлөрдүн эсебинен каражаттардын келип түшүшүн көбөйтүү боюнча иш алып баруу:

  • эл аралык гранттардын;
  • ата мекендик жана чет өлкөлүк студенттердин санын көбөйтүүнүн;

10. Университетти каржылоонун жүрүшү жөнүндө Окумуштуулар кеңешинде жана эмгек жамаатынын  конференциясында маалымат берип туруу.

11. Университеттин кызматкерлерин «Билим берүүнүн мыктысы», «Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери», «Илим менен техниканын эмгек сиңирген кызматкери» ж.б. ардактуу наамдар менен сыйлоо ишин активдештирүү.

12. Университеттин коомчулугуна бөлүмдөрдү каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берүү үчүн жыл сайын университеттин сайтына кирешелер жана чыгымдар сметасын жана штаттык жадыбалды жайгаштыруу.

МАТЕРИАЛДЫК БАЗАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

Эң маанилүү чарбалык маселелери катары бардык институттар үчүн спорт залдарын, жаңы имараттарды куруу, корпустарды капиталдык ремонттон өткөрүү, ошондой эле студенттер жана жаш кызматкерлер үчүн кошумча жатаканаларды куруу зарылдыгын моюнга алуу керек.

Лабораториялык түзүлүштөрдү, өлчөөчү техниканы, автоматика системасын, эсептөөчү техниканы, материалдар менен реактивдерди сатып алуу менен кафедралардын жана илимий лабораториялардын  материалдык-техникалык базасын реконструкциялоо.

Жыл сайын университеттин имараттарынын жана аудиториялык фондунун капиталдык ремонту боюнча  иштерди жүргүзүү.

Университеттин окуу корпустарын күзөтүүнү күчөтүү, видеобайкоо жүргүзүүнү орнотуу.

Фасаддарды оңдоо, терезелерди алмаштыруу, жылытууну, суу менен камсыздоону, электр менен камсыздоону реконструкциялоо жана окуу корпустарында, спорт комплексинде, жатаканаларда альтернативдик булактарды пайдалануу боюнча иштерди улантуу.

Жыл ичинде аудитордук-лабораториялык фондду  эксплуатациялоонун санитардык-техникалык нормаларын камсыз кылуу.

Эксплуатациялоонун санитардык-техникалык шарттарды камсыздоо үчүн Дене тарбия кафедрасынын физкультуралык-спорттук базасын реконструкциялоону ишке ашыруу (2021-2023-жж.).

УЮШТУРУУ ИШТЕРИ

1. Университеттин бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн пландалган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана андан ары өнүктүрүү үчүн окуу жайдын ректору менен жыл сайын макулдашууларды түзүү системасын кийирүү.

2. Университеттин илим-билим берүү, коомдук ишмердүүлүгүн координациялоо жана материалдык абалын керектүү деңгээлде кармоо максатында колдоо көрсөтүү үчүн коомчулук жана ири региондук деңгээлдеги бизнес тарабынан Байкоочу жана Камкорчулар кеңешин түзүү.

3. «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык ректоратта ротация жүргүзүү менен өзгөрүүлөрдү жүргүзүү.

4. Жогорку билим берүүнүн сапатына кепилдиктин ички системасы жана окутуучулардын, студенттердин жана илимпоздордун, ошондой эле кафедралар менен факультеттердин рейтингин аныктоо үчүн адистердин тобун түзүү.

5. Университеттин ишмердүүлүгүн автоматташтырылган кагазсыз башкаруу системасын кийирүү максатында адистердин тобун түзүү.

6. Студенттик өз алдынча башкаруунун активисттеринин ичинен факультеттердин кеңешчилерин дайындоо.

7. Студенттик парламентти түзүү.