Кызыл-Кыя экономика, укук жана технология институту (КЭУТИ) Кыргызстандын туштук-батыш региону боюнча орто мектептерде жогорку билимдүү мугалимдердин, ишкана-мекемелерде экономист, техник жана инженерлердин жетишсиздигин эске алып регионду жогорку квалификациядагы адистер менен камсыз кылуу максатында Ош технологиялык университетинин ректорунун 1995-жылдын 23-октябрындагы буйругунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен Ош жогорку технологиялык колледжинин Кызыл-Кыядагы филиалы катары ачылган. 1999-жылы Ош технологиялык университетинин окумуштуулар кенешинин чечиминин негизинде Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыя экономика,укук жана технология институту (КЭУТИ ОшТУ) болуп кайра түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы №190 жарлыгы менен түзүлгөн Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя экономика, укук жана технология институту (КЭУТИ БатМУ) болуп өзгөртүлүп, өзүнүн юридикалык статусуна ээ болот.
Биздин жетекчилер
Ташполотов
Ысламидин Ташполотович
(1995-2002)
Зулпуев
Абдувап Момунович
(2002-2015)
Гыязов
Айдарбек Токторович
(2015-2019)