17-ноябрь, Баткен мамлекеттик университетинде студенттер эл аралык майрамы кызуу белгиленди. Бул майрамга карата, окуу жай тарабынан, Баткен мамлекеттик университетинин структуралык түзүмдөрдүн арасында спорттун үч түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү : волейбол, футбол жана аркан тартыш боюнча.
Аягында жеңүүчүлөр аныкталып, ардак грамоталар, медалдар тапшырылды.
![](http://batmu.kg/wp-content/uploads/2022/11/315594248_643257847561278_3073802272877099406_n.jpg)
Ошол менен бирге окуунун, спорттун мыктыларына, окуу жайдын маданий-массалык иштерине активдүү катышкан студенттерге БатМУнун ректорунун ардак грамоталары тапшырылды.
Аны менен катар 10-ноябрь, илим күнүнө карата КР билим берүү жана илим министрлигинин төш белгилери, ардак грамоталары окуу жайыбыздын окутуучуларына тапшырылды. 7-ноябрь, Баткен мамлекеттик университети менен тыгыз иштешип келе жаткан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жумушундагы өзгөчөлүктөрү үчүн окуу жайыбыздын ардак грамоталары менен сыйланды.