2024-жылдын 18-апрель күнү, Баткен мамлекеттик университетинде “Жылдын мыкты окутуучусу” конкурсу жогорку кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча жүрүп, Бүгүн 18-апрелде жыйынтыктоочу 3-этабы БатМУнун ЧАЗында өткөрүлдү. Анда окутуучулардан тест, өзүн өзү тааныштыруу, ачык сабактардын видео-презентациясы жана педагогикалык кырдаалдарга жооп берүү сынактары өткөрүлдү. Жыйынтыгында комиссиянын чечими менен жогорку кесиптик билим берүү программасы боюнча 3-орунду Абабакирова Юлдузхон Хаибуллоевна , 2-орунду Канназарова Бурулай Үсөновна, 1-орунду Даовлатова Феруза Муктаровна ээледи. Орто кесиптик билим берүү программасы боюнча 3-орунду Нурбаева Айткул Жумабаевна, 2-орунду Марипова Замира Рахманкуловна 1-орунду Сапарова Зинатай Турдубаевна ээледи. Орто жалпы билим берүү программасы боюнча 3-орунду Узакбай уулу Кайрат, 2-орунду Халбекова Жумагул Абдималиковна, 1-орунду Жумабаев Бекжан ээледи.
![](https://batmu.kg/wp-content/uploads/2024/04/437707281_122110360712272266_8724242176735751206_n.jpg)
Жеңүүчүлөр диплом, ардак грамота жана 4-орунга духовкалар, 3-орунга 10 000 сом, 2 орунга 20 000 сом 1-орунга 30 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
БатМУнун Бириктирилген кесиптик бирлиги тарабынан 4-орунга 1000сом, 3-орунга 1500 сом, 2-орунга 2000сом, 1-орунга 3000 сомдон акчалай сыйлык жана ар бир катышуучу Ыссык-көлгө эс алууга жолдомо берилди.
Андан сырткары Баткен облустук билим берүү усулдук борбору жана Баткен шаардык кеңеши тарабынан да ардак грамоталар менен сыйланды.
![](http://batmu.kg/wp-content/uploads/2024/04/438059132_122110354202272266_914996966437258998_n.jpg)