22-апрель күнү, Баткен мамлекеттик университетинин “Табигый, гуманитардык жана педагогикалык” факультетинин “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын “Илим – жашоо чырагы, өнөр – элдин куралы” аттуу жумалыгынын 1-күнү – ачык сабактар күнү. Аталган жумалыктын алкагында кафедранын окутуучусу Айткулова Зарина Башталгыч класстарда окутуунун педагогикасы жана методикасы профилинин П-1-21 тайпасына “STEAM программасынын өзгөчөлүгү” деген темадагы ачык сабак өттү.Сабактын максаты, STEAM программасынын өзгөчөлүгү, девизи айтылды.Жаңы теманын актуалдуулугу, практикада колдонулушу, башка предметтер менен байланышы окутуучу тарабынан кеңири түшүндүрүлдү.Студенттер топторго бөлүнүп, практикалык иш аткарышты.Aкырында ар бир топ өзүнө берилген предмет боюнча STEAM программасынын башка предметтер менен байланышын презентациялап беришти.