Петроглифтерди изилдөө, сактоо жана чечмелөө» аттуу конференциясы болуп өттү. Баткен Мамлекеттик университетинин окумуштуулары катышып, Кадыров Абдинаби Азамбаевич тарабынан “Баткен петроглифтери: изилдөөлөр, өзгөчөлүктөр, жана жыйынтыктар ” темасында доклад окуду. Баткен шаарынан 8 чакырым алыстыкта жайгашкан 2000 ден ашуун таш бетиндеги суроттордүн топтомун камтыган “Кара-Эгизе” тоосундагы чийим таштарды Баткен Мамлекеттик университетинин тарыхчылары жана Айгул-Тоо тарыхый маданий музей комплексинин кызматкерлери изилдешип, Баткен петроглифтерин сактоо боюнча чоң иштерди жүргүзүп келүүдө.Борбодук Азия Универститети Г.Айтиев атындагы корком сурот музейинде “ТАШ КҮҮЛӨРҮ” ЗАМАНБАП ИСКУССТВО Баткендеги “Кара-Эгизе” чийме-таштарын сактоого көмөктөшүү үчүн 18-апрельден 4-майга чейин атайын көргөзмө уюштурду. Мында көп кылымдар мурда таш бетине түшурүлгөн сүрөттөр ар кандай материалдардын бетине көчүрүлдү: кездемелер, керамика боз кендир жана кагаз. Көргөзмө мыкты деңгээлде уюштурулуп, көрүүчүлөр тарабынан чоң кызыгууну жаратты.Көргөзмөнүн сүрөтчүсү жана дизайнери: Нурпери Орунбаева Фото сүрөтчү: Сания НуроваИлимий кеңешчилер : Абдинаби Кадыров, Кубанычбек Таиров, Акжол КадыровКөргөзмөнүн кураторлору: Алтын Капалова жана Нурпери Орунбаева.