БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов жана КРнын УИАнын Түштүк бөлүмүнүн медициналык-биологиялык көйгөйлөрдү илимий изилдөө институтунун директору, б.и.д.,профессор КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Т.Т. Жумабаева менен эки тараптуу келишимге кол коюшту. Келишим боюнча БатМУнун тиешелүү багыттагы илимпоздору Академиянын долбоорлоруна, илимий-иштерине тартылуу менен келишимдик негизде жумушка тартылат. Баткен облусу үчүн чоң илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, көйгөйлөрдү аныктап, чечүүгө өбөлгө түзүлдү.