17.05.2024-ж.Түштүк регионундагы, Аймактык Жогорку окуу жайлар арасында, XI чакырылыштагы “Студенттик олимпиадада” жеңишке жеткен студенттер жана аларды даярдаган окутуучулар сыйланды. Олимпиада М.Адышев атындагы, Ош технологиялык университетинде өткөрүлүп, 7 университет менен бирге Баткен мамлекеттик университетинин студенттери катышкан. Сыйлоо аземинде БатМУнун Окуу иштери боюнча проректору Анара Миралы кызы жана БатМУнун илим, уюштуруу жана тарбия иштери боюнча проректору Саматова Абиба Абдиламивналар сөз сүйлөп, жеңүүчүлөрдү куттуктады.Жыл сайын салтка айланып, уюштурулган олимпиада, ишкердик, башкаруучулук, инновациялык жана административдик ишмердүүлүк үчүн кадрдык потенциалды калыптандырууда ЖОЖдордун ролун бекемдөөгө багытталган. Максаты-таланттуу студент жаштарды аныктоо менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларда чыгармачылык өсүштү калыптандыруу.