2024-жылдын 22-май күнү БатМУнун жогорку кесиптик билим берүү жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча күндүзгү бөлүмдүн педагогикалык багыттагы студенттеринин арасында “Бүгүнкү шакирт- эртенки устат” аталышындагы Мыкты практикант кароо-сынагы өткөрүлдү. Анда конкурстун 1-бөлүгүндө №3 мектептин окуучуларына комиссиянын катышуусунда ачык сабак өтүп беришти. Андан кийин комиссия катышуучу студенттердин мыкты көргөзмө куралдарын жана портфолиосун аныкташты. Акырында студенттердин өзү жөнүндө жана өтөгөн практикасы боюнча видео-роликтердин мыктысы тандалды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.Орто кесиптик билим берүү боюнча:

1-орун Туратова Айзирек БатМУ КЭУТИ 10 000 сом

2-орун Назарова Минура БатМУ КГПИ 7 000 сом

3-орун Маматкул кызы Айчүрөк БатМУ СГЭИ 5000 сом

Жогорку кесиптик билим берүү боюнча:

1-орун Ишматова Сабрина БатМУ СГЭИ 10 000 сом

2-орун Ирайимбердиева Нуржан БатМУ КГПИ 7 000 сом

3-орун Жүзбаева Айсулуу БатМУ Башкы мекеме 5 000 сом