Россия Федерациясынын Тамбов шаарында Н.г.Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинде “Орус тили жана орус элинин маданиятынын мектеби” аттуу маданий-билим берүү долбоору башталды. Долбоор 2024- жылдын 20-августунан 27-августка чейин өткөрүлөт, анын катышуучулары Өзбекстан, Казакстан, Белоруссия, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн келген орус тили мугалимдери. Кыргызстандан барган делегациянын курамына Баткен мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты мугалимдери фил.и.к., доцент Ш. Ж. Эржигитова, жана Ыйман гимназиябыздын окутуучусу Г.К. Саматова Баткен мамлекеттик университетинин атынан катышууда.
Аталган долбоор Н.Г.Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинин ректору Павел Моисеевдин демилгеси менен “ачык дипломатия университети” деген ураандын астында миссиясын ишке ашыруу максатында өтүүдө. Бул түшүнүккө киргизилген маанилер достук мамиледеги өлкөлөрдүн билим берүү мекемелери менен кызматташууну тереңдетүү жана чет өлкөлөрдө орус тилин илгерилетүү жана окутуу методикаларына жардам берүү.
Долбоордун алкагында төмөнкү иш-чаралар пландаштырылган:орус тили окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу курстары;ТМУнун профессордук-окутуучулук курамы тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык адабияттар менен алмашуу;орус элинин маданияты жана тарыхы менен таанышуу;долбоордун катышуучуларынын тажрыйба алмашуу боюнча тегерек столго катышуу.Долбоор аягында 36 сааттык квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу сертификат ыйгарылат.
Бул окуу жай менен 2023-жылдан бери эки тараптуу келишим тузуп, тыгыз иштеп келүүдөбүз. Окутуучулардын иш сапар чыгымдары (жатакана, тамак аш, РФ ичиндеги транспорт чыгымдары) чакырган тараптан каржыланууда.