Кара кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата спорттун 7 түрү боюнча БатМУнун Ректорунун кубогу өткөрүлүп жатат.Спорттук иш-чаранын максаты: БатМУнун окуу түзүмдөрүндөгү профессордук-окутуучулук курамы арасында спорт менен машыгууга жана сергек жашоого үгүттөө болуп саналат. Мелдешке БатМУнун башкы мекемесинен, КГПИ, КТЭУИ, СГЭИнан командалар катышууда. Алар кичи футбол, волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол шахмат, стритбол жана ордо оюндары боюнча күч сынашууда.Ректордун кубогуна арналган спорттук иш-чара бешинчи ирет өткөрүлүүдө.

РЕКТОРДУН КУБОГУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ. Кара кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата спорттун 7 түрү боюнча БатМУнун Ректорунун кубогу өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Жалпы командалык упай боюнча: 1- орунду СГЭИ,2- орунду КГПИ,3- орунду КТЭУИ,4- орунду БатМУнун башкы мекемесинин командасы камсыз кылды.

Жеңүүчүлөрдү БатМУнун ректору, э.и.д, профессор Гыязов Айдарбек Токторович баш болгон институттун директорлору, проректорлор куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Спорттун ар бир түрү боюнча 1-2-3-орундарга акчалай сыйлыктар, мыкты оюнчуларга жана жалпы командалык орунду ээлегендер да акчалай сыйлык менен сыйланды.Спорттук иш-чаранын максаты: БатМУнун окуу түзүмдөрүндөгү профессордук-окутуучулук курамы арасында спорт менен машыгууга жана сергек жашоого үгүттөө болуп саналат. Ректордун кубогуна арналган спорттук иш-чара бешинчи ирет өткөрүлдү.