Баткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери “Коомдук жайдагы коопсуздук” иш-чарасынын эки айлыгын жүрүшүндө Баткен облусунун мусулмандар казысы Нурдин ажы Мамасабиров, Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов менен биргеликте шаар аймагындагы жаштар жана Баткен мамлекеттик университетинин студенттерине экстремизмдин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу, акыркы учурда болуп жаткан окуялар, зордук-зомбулуктар коомдук жайлардагы кылмыштар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан суроолор берилип, милиция кызматкерлери аларга тийиштүү деңгээлде жоопторду берип, кылмыштуулукка баргандар мыйзамда көрсөтүлгөн беренелердин негизинде жоопко тартылары түшүндүрүлдү.



