25-26-ноябрь 2024-ж., Нижний Новгород
Баткен мамлекеттик университетинин ректору Гыязов Айдарбек Токторович иш сапары менен Нижегород мамлекеттик педагогикалык университетинде (Минин университети) болду.
25-ноябрда ректор «Мектеп-ЖОЖ форматындагы маданияттар аралык диалог педагогикалык практикада» деген темадагы тегерек столго катышты. Иш-чаранын алкагында билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелер жана мектептер менен университеттердин кызматташуу перспективалары талкууланды. Катышуучулар педагогикалык практикадагы тажрыйба алмашуунун жана жаңы ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
26-ноябрда Айдарбек Токторович Минин университетинин студенттери үчүн «Чакырылган профессор» программасынын алкагында лекция окуп, билим берүү, санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү жаатындагы заманбап тенденциялар тууралуу баяндама жасады. Лекция студенттердин чоң кызыгуусун жаратты жана жолугушуу өзгөчө жемиштүү өттү.
Иш сапардын жүрүшүндө БатМУ менен Минин университетинин ортосунда студенттердин мобилдүүлүгү боюнча келишимге кол коюлду. Бул келишим эки университеттин студенттерине эл аралык билим алуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жолун түзөт.
Эртең БатМУнун ректору дагы бир конок лекциясын окуп, Минин университетинин экономикалык факультети менен биргеликте «1+1» тармактык билим берүү программасын талкуулаган тегерек столго катышат.
📍 28-30-ноябрь 2024-ж., Тверь
Нижний Новгороддогу иш сапарынан кийин Айдарбек Токторович Тверь шаарына Тверь мамлекеттик университетинин чакыруусу менен жөнөп кетет. Ал эл аралык SCOPUS конференциясына катышып, доклад жасайт. Ошондой эле Баткен мамлекеттик университети менен Тверь мамлекеттик университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимге кол коюлат.
(Жол кире, жашоо жана тамактануу чакыруучу тараптын эсебинен камсыздалат.)
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү — БатМУнун негизги приоритеттеринин бири. Мындай иш сапарлар билим берүү байланыштарын бекемдөөгө, студенттер жана окутуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана университеттин эл аралык аренадагы статусун жогорулатууга өбөлгө түзөт.



