2024-жылдын 16-декабрында Баткен мамлекеттик университетинде Кыргызпатент тарабынан чыгарылган “Чабыт” Баткен авторлорунун чыгармалар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.
Бул жыйнак Баткен облусунан чыккан авторлорду чыгармачылыкка шыктандыруу жана колдоо, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык дараметин чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында чыгарылган.
Жыйнакка Баткен облусунан чыккан 42 автордун тандалма 330 чыгармасы киргизилген.
Бет ачар Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен Баткен мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлдү.
Ачылышта Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кыргызпатенттин расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нургүл Рымбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Баткен облустук бөлүмүнүн төрагасы Абдилаат Дооров, педагог-акын Зулпукар Балтабаев жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Өктөм Калыева сөз сүйлөштү.
Ошондой эле иш-чарада Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Ходжаевага Баткен облусунда жайгашкан 22 китепкана үчүн жыйнак тапшырылды. Баткен мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Жылдыз Кошматова жыйнакка илимий талдоо жүргүзүп, анын диалектологдор үчүн чоң табылга экенин белгиледи.
Иш-чарада Кыргызпатенттин колдоосу менен китептери жарык көргөн акын-жазуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Кыргызпатенттин кызматкерлери “Саамалык”, “Жети жаш автор”, “Мыкты китеп” жана “40 райондон 40 китеп” долбоорлору тууралуу кеңири маалымат беришти.
Иш-чаранын маданий бөлүгүндө жыйнакка чыгармалары кирген авторлор ыр окуп, музыкалык номерлерди аткарышты.