Россия Федерациясынын чакыруусу менен 12-15-февраль күндөрү Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Токторович Гыязов Кыргызстандагы алты педагогикалык жогорку окуу жайынын ректорлору менен бирге Россияга иш сапары менен барды. Россиянын алдыңкы жети педагогикалык университетинин ректорлору менен жолугушуу Акмулла атындагы Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинде өттү.
Иш сапардын негизги жетишкендиктери:
100 бюджеттик орун боюнча 2+2 программасы ишке ашырылып, БатМУнун студенттерине эки өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
«Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму менен БатМУда Орус тили жана маданият борборун ачуу боюнча макулдашуу жетишилди. Бул борбор тил үйрөнүү, тажрыйба алмашуу жана маданий диалог үчүн маанилүү аянтча болот.
Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин Улуттук билим берүү тутумун интеграциялоо жана эл аралык кызматташтык департаментинин директору Усман Абдул-Азиевич Рассуханов БатМУнун ректоруна Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин ыраазычылык катын тапшырды.
Бул демилгелер студенттер, окутуучулар жана жалпы билим берүү коомчулугу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз.