БатМУ баңгизатка каршы.
Бүгүн, 7-февралда БатМУнун студенттери жана мугалимдери “Баңгизатка каршыбыз”, “Жаштар баңгизатка каршыбыз” жана “Баңгизатсыз эркин жаша” деген ураан менен Баткен шаарында жөө жүрүшкө чыгышты.
Иш-чара Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте өткөрүлдү.
Акциянын максаты жаштардын баңгизатына азгырылуусунун алдын алуу жана сергек жашоого үндөө.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча өткөн жыл ичинде жана 2025-жылдын январь айында жаш балдар арасында баңгизатын колдонгон фактылары катталган эмес.
Мындай акциялар Баткен облусунун башка аймактарында да өткөрүлөт.