БатМУнун студенти, бизнес инкубатордун резиденти Айдарали уулу Эрнист Filterfish стартап долбоорун ийгиликтүү жасап, келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды. Бул боюнча КР ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

https://www.facebook.com/share/p/ZdbezeahfNx1xxNM/?mibextid=oFDknk

Ал жерде төмөнкүдөй жазылат:

“КР ӨКМнин КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДА БАШКАРУУ БОРБОРУНА СУУДА ЖҮРҮҮЧҮ ДРОН БЕЛЕК КЫЛЫНДЫ.

2024-жылдын 29-июль күнү Баткен мамлекеттик университетинин студенти Айдарали уулу Эрнист, КР ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна сууда сүзүүчү дронду ыктыярду түрдө белек кылып, куткаруучуларга колдоо көрсөтүп кетти.

Мындай кадам жарандардын коопсуздугун жогорулатууга чоң жардам берет. Сууда сүзүүчү дрондор кырсык болуп калган учурда куткаруучулардын жумушун жеңилдетет, анткени алар тереңдикте жаткан адамдарды же ошол аймакта болгон кыйынчылыктарды тез аныктап, жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Эрнисттин ыктыярдуу жардам көрсөтүп, куткаруучуларга бул дронду белек кылганын жогору баалайбыз. Бул анын коомго болгон тынчсыздануусун жана жардам берүүгө болгон чын дилинен камкордугу деп эсептейбиз”.

“Баткен мамлекеттик университетинин жалпы жамааты креативдүү жана өлкөгө зарыл кадрларды даярдап жаткандыгыбыз менен сыймыктанабыз.

Учурдан пайдаланып “Стартап студент” конкурсун уюштурган жана колдоо көрсөткөн Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдиребиз”.