БатМУнун Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек “Бир айыл бир продукт” долбоорунун технологу Наука Сан жана долбоордун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Сайкал Суйунбекованы кабыл алды.

Жолугушууда Баткендеги “Бир айыл бир продукт” өндүрүүчүлөрү үчүн БатМУнун базасында атайын борбор ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Абдипатта уулу Жумабек, борбор ишке кирип калса, бир эле студенттер эмес, айыл жеринен келген өндүрүүчүлөр үчүн да кызмат кылаарын белгиледи.

Эске салсак “Бир айыл бир продукт” долбоору КРнын Улуттук долбоору болуп эсептелет.