Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруусу менен “Билим берүү тармагындагы инновациялык чечимдердин кыргыз-орус жарманкеси” 18-20-август күндөрү Ысык-Көлдө өтүүдө.
Жарманкеге Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баштаган делегация катышууда.
Жарманкеде инновациялык чечимдер, студенттер тарабынан жасалган продукциялар, илимдин акыркы жетишкендиктери көрсөтүлүүдө.Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары, Сколково илим изилдөө жана технология институту, Курчатов Улуттук илим изилдөө борбору сыяктуу эң алдыңкы инновациялык борборлору катышууда.


